Талас облусунда 162,5 млн сомго мектеп курулат

9 августа 2023, 16:32

Талас райондук капиталдык курулуш башкармалыгы Талас районуна 500 орундуу мектеп курат. Тиешелүү арыз мамлекеттик сатып алуулар сайтында жайгаштырылган.

Долбоордун баасы 162,5 млн сомду түзөт.

Бул каражатка Огонбаев айылына Мейликан Козубекова атындагы мектепти, 500 орундуу, заманбап жабдыктары, жада калса душтары менен куруу пландалууда.