Таласта компьютер же маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонгондор аз

1 ноября 2022, 11:55

Улуттук статистикалык комитеттин акыркы изилдөөсүнө ылайык, 2017-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда ар бир экинчи адам компьютер же маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) колдонот.

Ал эми 21 миң чарбалык субъекттин ичинен 11,7 миң субъект технологияны колдонгон.

Ошол эле учурда колдонуучулардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында (33%), ал эми эң азы Талас облусунда (4,6%) катталган.

МКТны колдонгон ишканалардын жана уюмдардын басымдуу үлүшү билим берүү тармагына - 31,5%, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо - 11,7%, чекене соода, автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо - 9,2% жана кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик - 6,2%ды түздү.