Таласта жер тилкелери мыйзамсыз берилген
Талас облусунда социалдык объектке тиешелүү жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун Акназаров айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары К. Султаналиев атындагы орто мектебине таандык жалпы аянты 1 гектар болгон жер тилкелерин жети жаранга жеке менчикке берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди кабыл алышкан.
Учурда бул факт сотко чейинки процесстин баскычында турат.