Талас облусундагы кант заводу ишин жандантты

25 января 2022, 16:45

Талас облусунун Ак-Дөбө айылындагы кант кызылчасын кайра иштетүүчү заводдун иши жанданды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапарынын алкагында заводдун иши менен таанышты.

Заводдун ишке кириши Талас облусу үчүн маанилуу окуя болуп калды. Кантты кайра иштетүү өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Бүгүнкү күндө заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 100 тонна кант кызылчасын түзүп, 75 адамды жумуш менен камсыздайт.

Быйыл заводду модернизациялоо пландалууда, андан кийин өндүрүштүк кубаттуулук суткасына 1000 тоннага чейин жогорулап жана 3 миңге чейин жаңы жумуш орун түзүлөт.