Таласта таштандыларды кайра иштетүүчү завод ишке кирди

24 февраля 2023, 11:09

Таласта “Эко Монтис” ишканасы кайра иштетилген таштандыдан жасалган буюмдарды шаардык мэрияга белек кылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас мэриясынын "Таза суу" муниципалдык ишканасына 50 даана пластикалык капкак (люк) тапшырылды. Ошондой эле 400 даана калак (совок), 300 даана кийим илгич Талас шаарындагы мекеме-ишканаларга, социалдык объектилерге таратылып берилет.

Белгилеп кетсек, "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен кайтарымдык негизде пайызсыз жалпы суммасы 6 млн сомго Таластагы таштанды таштоочу жайга “Эко Монтис” ЖЧК тарабынан таштанды сорттоочу жай курулууда.