Ташкентте бийиктиги 230 метрге жеткен эгиз мунара курулат

23 января 2020, 11:05

Ташкент шаарында бийиктиги 230 метрге жеткен эгиз-мунара курулат. Бул тууралуу review.uz порталы билдирди. 

Day and Night инвестициялык долбоордун алкагында Яккасарай кичи өнөр-жай аймагына бийиктиги 230 метрди камтыган, ар бири 50 кабаттан турган эгиз мунара курулат. Эгиз мунаранын эң жогорку кабатына күн жана айдын элеси тургузулат.

Долбоорду ишке ашырууга үч жыл керектелет жана 1 млрд $ каражат бөлүнөт. 20 миң жумушчу орун түзүү пландалууда. Имараттын аймагына 26 соода, турак-жай эжана маданият павильондору курулат.