Жакынкы 10 жылда карыздарды төлөшүбүз керек — президент

30 июня 2022, 12:14

Алдыдагы 10 жылда биз 30 жылда чогулган карыздарды төлөшүбүз керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, быйыл тышкы карыз боюнча 23 миллиард сом, келерки жылы 25 миллиард сомго жакын сумма төлөнүшү керек.

"Эгерде биз төлөбөсөк, белгилүү болгондой, өлкөнүн көз карандысыздыгы коркунучта болот. Бирок биз бийликте турганда элибизге убада берип, тышкы карыз сыяктуу олуттуу көйгөйлөрдү чечүүдө чечкиндүү болушубуз керек. Албетте, сиздердин колдооңуздар менен ушундай олуттуу маселелерди чечебиз деп ишенем", - деди ал.