Токмокко күндөн энергия алуучу фонарлар орнотулат

10 октября 2021, 09:09

Токмоктун айрым көчөлөрүнө күндөн энергия алуучу фонарлар орнотулат. Бул тууралуу шаардын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 40 көчөгө жарыктандыруучу жабдык активисттердин жардамы менен сатылып алынган. Батареяларды орнотууда шаардыктардын пикири эске алынат. Шаардын кайсы жерлерине орнотуу керектигин шаардыктар өздөрү чечет.

Жакын арада мэрия дагы 500 аппаратты сатып алганы жатат, бул шаарга электр энергиясын кыйла үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.