Тоң районунда мыйзамсыз менчиктештирилген объектилер мамлекетке кайтарылды

28 апреля 2021, 14:25

Тоң районунун прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык объектилер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Туура-Суу айылындагы 1,5 млн сомдук бала бакчанын имараты жана 1,1 млн сомдук Кара-Суу айылындагы бала бакчанын ашканасынын имараты мыйзам бузуу менен менчиктештирилген.

Сот прокуратуранын менчиктештирүүнүн мыйзамсыздыгы боюнча талаптарын канааттандырып, объектилерди Төрт-Күл айыл өкмөтүнүн балансына кайтарып берди.