Түп районунда 126,5 млн сомго мектеп курулат

19 марта 2024, 10:36

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Фрунзе айылында Михаил Фрунзе атындагы мектеп курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. 

Тендерди Ысык-Көл облустук курулуш жана инженердик инфраструктура башкармалыгы жарыялаган. Жаңы мектеп 225 окуучуга ылайыкталат. 

Долбоордун сметалык баасы 126,5 млн сомду түзөт. Арыздар 5-апрелге чейин кабыл алынат.