Өзбекстанда окумуштуулардын айлык акысы көтөрүлдү

7 октября 2019, 15:40

Өзбекстанда илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акылары көтөрүлдү. Бул тууралуу Өзбекстандын юстиция Министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. 

Айлык акыга кошула турчу сумма тажрыйба жана илимий даражага карата берилет. Учурда изилдөөчү жаңы кызматкердин эмгек акысы – 3 млн. сум ($318), Илимдин доктору илимий даражасы менен институттун директорунуку  – 7 млн. сум ($747) түзөт.