Венгрияда Кыргызстандын элчилиги ачылат
Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилиги түзүлөт. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Элчилик Будапештте ачылат. Бул маселени чечүү министрлер кабинетине жүктөлгөн.