2021-жылдын январь айында кыргызстандыктар эсептен 4 млрд сом алышкан
2021-жылдын январь айында коммерциялык банктардагы эсептин учурдагы көлөмү 53.1 млрд сомду түздү. Бир ай ичинде сумманын көлөмү 4 млрд сомго кыскрады. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Андан сырткары, 1-3 айлык кыска мөөнөттүү депозиттердин көлөмү 1 млрд сомго кыскарды, 7.6 млрд сомдон 6.6. млрд сомго чейин.
Коммерциялык банктардын жалпы депозиттик портфелинин көлөмү 1.7 млрд сомго төмөндөдү.