2021-жылдын январь айында Кыргызстандын экономикасы 7.6% төмөндөдү

10 февраля 2021, 13:30

Кыргызстандын ИДПсы январда 33 млрд сомду түздү. Өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу экономиканын төмөндөшү 7.6% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен маалымдашты. 

 

Кумтөрдүн өндүрүшүн кошпогондо, ИДПнын көлөмү 2021-жылдын январь айында 30 млрд сомду түзүп, 4.5% төмөндөгөн. 

Өнөр жай тармагынын продукциясы 22 млрд сомго жакындады жана өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 9.5% төмөндөдү.