2021-жылдын январь айында Кыргызстандан Россияга 31.3 млн $ которулган

10 марта 2021, 13:00

2021-жылдын январь айында Кыргызстандан Россияга которулган акчалардын көлөмү 31.3 млн долларды түзгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу которуулар 4.5 млн долларга төмөндөгөн. Өткөн жылы Россияга 35.8 млн доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. 

 

Башка өлкөгө которулган акчалардын көлөмү жалпысынан 1.3 млн долларды түздү. Анын ичинен Казакстанга 500 миң доллар, алыскы чет мамлекеттерге 700 миң доллар которулган.