2021-жылдын январь-апрель айларында Кытайдын ЕАЭБге импорту 24,3 млрд доллардан ашты

22 июня 2021, 12:00

Ушул жылдын алгачкы төрт айында ЕАЭБ Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтыгы (АТЭС) өлкөлөрү менен 84,2 миллиард долларды түздү, анын ичинен экспорт 38,9 миллиард долларды, импорт 45,3 миллиард доллар болду, деп билдирди Евразия экономикалык коммиссиясы. 

Маалыматка ылайык, ЕАЭБ менен менен Кытай эң көп соода кылат: экспорт 22,1 миллиард долларды, импорт 24,3 миллиард долларды түзсө, АКШ соода жүгүртүүсү боюнча экинчи орунда - экспорт 5,1 миллиард доллар, импорт 6,1 миллиард долларды түздү.

Андан кийинки орунда Түштүк Корея турат, ал жакка ЕАЭБ 4 миллиард долларлык товар экспорттогон, дээрлик 5,6 миллиард долларды импорттогон, Жапония менен соода 5,6 миллиард долларга жеткен (экспорт - 2,6 миллиард доллар, импорт - 2,9 миллиард доллар).