ЕАЭБде 2021-жылдын январь-апрель айларында айыл чарба продукцияларынын импорту 10,5 млрд долларды түздү

23 июня 2021, 10:00

 

Ушул жылдын алгачкы төрт айында ЕАЭБ өлкөлөрү 97,7 миллиард долларлык товарларды импорттошкон, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 22% түзгөн, деп айтылат ЕЭКтин отчетунда.

Көбүнэсе машиналар, жабдуулар жана унаа каражаттары 41,1 миллиард долларга импорттолгон. Химиялык продукциялар 17,7 миллиард долларга, айыл чарба продукциялары 10,5 миллиард долларга, текстиль импорту 5,9 миллиард долларга жеткирилген.