Кыргызстандан Арменияга экспорт бир айда дээрлик 18 эсе өскөн

16 марта 2023, 14:07

Быйылкы жылдын январында Кыргызстан менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 268 миллион 501,4 долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 9,6%га азайган.

Ошол эле учурда төмөндөө импорттун 19,7%га кыскарышына байланыштуу болгон. Тактап айтканда, ушул жылдын январь айында Кыргызстан Орусиядан товарды 33,7%, Армениядан 24,8%га аз сатып алган. Ошол эле мезгилде Беларустан жана Казакстандан импорт тиешелүүлүгүнө жараша 9,2% жана 42,4%га өскөн.

Кыргызстандан ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 2023-жылдын январында 24,3%га жогорулаган. Мындан тышкары Арменияга экспорт 1660,3%га (1,5 миң доллардан 27,2 миң долларга чейин), Беларусияга – 716,9%га (353,4 миң доллардан 2 млн 886,8 миң долларга чейин) өскөн. Россияга жана Казакстанга экспорт тиешелүүлүгүнө жараша 22,9% жана 18,1%га жогорулады.