Январь-июль айларында доллардын расмий курсу 13% га жогорулаган

31 августа 2021, 12:12

Улуттук банктын маалыматы боюнча, 2021-жылдын январь-июлунда 2020-жылдын январь-июлуна салыштырмалуу доллардын расмий курсунун 13%га, евронун 22,7%га, орус рублинин 5,9%га, казак теңгеси 8%га, өзбек суму 5,3%га жогорулашы байкалган. 

Ушул жылдын июль айында өткөн айга салыштырмалуу доллардын расмий курсу 0,1% га жана казак теңгеси 0,4% га жогорулаганы белгиленди. Ал эми евронун 1,8% га жана орус рублинин 1,7% га арзандашы белгиленди. Өзбек сумунун курсу өзгөрүүсүз калды.