Январь айында казакстандыктар жалпы салмагы 111,5 кг болгон алтын куймаларды сатып алышты

19 февраля 2021, 13:00

2021-жылдын январь айында Казакстандын жарандары экинчи деңгээлдеги банктардан жана акча алмаштыруучу жайлардан 2,4 миң алтын куймаларын сатып алышкан. Бул тууралуу маалыматты коңшу өлкөнүн улуттук банкы жарыялады.

Сатып алуулардын жалпы салмагы 111,5 кг түздү. Жалпысынан, 2017-жылы алтын сатуу программасы башталгандан бери 1,7 тонна салмактагы 45 миң алтын куймасы сатылды. Кайра сатып алуу болгону 3,5 кг болгон.

Азыр Казакстанда куймаларга болгон баа төмөнкүдөй:

  • 5 г - $ 313;
  • 10 г - $ 627;
  • 20 г - 1,2 миң доллар;
  • 50 г - 3,1 миң доллар;
  • 100 г - 6,2 миң доллар.