«Кумтөр» былтыркыга караганда бюджетти 1,4 млрд сомго аз толуктады

29 февраля 2024, 11:27

Январь айында “Кумтөр” бюджетин 211 млн 534 миң 646 сомго толуктаган. Бул тууралуу  Кыргызстандын Каржы министрлиги билдирди. 

Бул сумма 211 млн 534 миң 462 сомду түзүп, “Кумтөрдүн” дүң кирешесине салык жана Кыргызстандын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн жылдык төлөм түрүндө 184 сомду түздү.

Эске сала кетсек, өткөн жылдын январь айында ишкана бюджетти 1 млрд 605 млн 587,6 миң сомго толуктаган. Ошентип, сумма 1,4 млрд сомго азайган.