Январда Кыргызстан мамлекеттик карызды жабууга 2 млрд сомдон ашык каражат жумшады

16 февраля 2022, 11:05

Январь айында Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд 10,3 млн сом бөлүнгөн.

Анын 50,4%ы же 1 млрд 13,3 млн сому ички карызды төлөөгө багытталган. Ошол эле учурда дээрлик жарымы же 45,6% пайыздарды жабууга кеткен.

Калган 997 млн сому Кыргызстан тарабынан тышкы карыз боюнча милдеттенмелерди аткарууга багытталган.

Кошумчалай кетсек, алдын ала маалыматтар боюнча 2021-жылдын 31-декабрына карата мамлекеттик карыздын көлөмү 5 млрд 147,22 млн долларды түздү.