Кыргызстан январда мамлекеттик карызды төлөөгө 2 млрд сом жумшаган

20 февраля 2023, 10:04

Ушул жылдын январь айында Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө 2 миллиард 11 миллион 834,6 миң сом короткон. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Анын 843 миллион 278 миң сому ички карыз, 1 миллиард 168 миллион 556,6 миң сом тышкы карыз болгон.

Белгилеп кетсек, бул Каржы министрлиги алгач пландагандан 5,6%га же 106 млн 699,9 миң сомго көп.