Былтыр он бир айда үйлөрдүн көбү Ош облусунда курулду
Өткөн 2022-жылдын январь-ноябрь айларында Кыргызстанда 7934 жеке турак жай курулду. Үйлөрдүн көбү, 1983ү Ош облусунда курулду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Турак жайларды куруу боюнча экинчи орунда Жалал-Абад облусу турат. Аталган аймакта 1653 үй курулган. Чүй облусунда 1 миң 447, Ысык-Көлдө 735, Баткен облусунда 560, Таласта 490 үй курулган. Ал эми эң аз, тагыраагы 260 үй Нарын облусунда курулган.
Маалыматка ылайык, Бишкекте 647 үй, Ошто 159 үй курулган.