Кыргызстандын ИДПсы январь-сентябрь айларында 7,2% өстү

10 октября 2022, 10:52

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукциянын көлөмү 597 миллиард сомду түздү. Бул 2021-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 7,2%га көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалым болгондой, “Кумтөр” кенин иштетүүчү ишканаларды эсепке албаганда, ушул жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 555 миллиард сомдон ашыкты түзүп, 4,9%га өстү.

Быйыл январь-сентябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 299 миллиард сомдон ашты. Бул өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 16,6%га өстү. Негизги металлдарды (37,9%), жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия продукциясын (28,2%), мунай продуктылары (13,1%), тамак-аш азыктары (анын ичинде ичимдиктер) жана тамеки буюмдары (12,1%), текстиль өндүрүшү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдары (5,1%), ошондой эле кен казып алуу боюнча (8,7%) өстү.

Мындан тышкары, курулушта оң тенденциялар байкалып, көлөмдүн өсүшү 4,3%, айыл чарбасында - 6,5%, дүң жана чекене соодада - 7,2%ды түздү.