Бишкектиктер январь айында 348.5 млн кВт/саат электр энергия колдонушкан

13 февраля 2020, 12:45

2020 - жылдын январь айында ААК «Түндүкэлектр» ишканасынын абоненттери 764.9 млн кВт/саат электр энергия колдонушкан. 2019 - жылы 706.9 млн кВт/саат колдонулган, деп билдиришти компаниядан.

Бишкек шаарынын жашоочулары 348.5 млн кВт/с, Чүй облусунун жашоочулары 355.3 млн кВт/ саат колдонушкан. 

Талас облусу 64.1 млн кВт/саат электр энергия колдонушкан.