Январда Кыргызстанга келген гумжардам жана гранттардын агымы өстү

20 марта 2023, 09:07

Ушул жылдын январь айында негизги капиталга инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын ушул айына салыштырмалуу дээрлик өзгөрүүсүз калды. Жылдык өсүш 0,1%ды түздү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жаңы макроэкономикалык баяндамасында айтылат. 

Январь айында ички булактардын эсебинен капиталдык салымдардын көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,6%га кыскарган. Бул негизинен калктан жана мамлекеттик бюджеттен каржылоонун кыскарышынан улам болду.

“Ишканалар жана уюмдар тарабынан инвестициянын көлөмү 2022-жылдын январь айына салыштырмалуу 14,1%га көп болду. Тышкы инвестициялардын былтыркы жылдын 15,7%га өсүшү чет элдик гранттардын жана гуманитардык жардамдын агылып кирүүсү менен шартталган. Ал өткөн жылдын ушул мезгилине карата 29,9%га көбөйгөн”, - деп жазат ЕӨБ.