Жогорку Кеңештин бир айлык чыгашасы дээрлик 39  млн сомду түзгөн

5 февраля 2020, 09:31

Жогорку Кеңештин 2020 - жылдын январь айындагы чыгашасы финансы министрлиги берген маалыматка ылайык, 39 млн 447.1  миң сомду же 564.7 миң долларды түзгөн. 

Каражаттын көпчүлүк бөлүгү - 30 млн 415.1 миң сом же 77.2% - эмгек акыга жумшалган. Социалдык взноско 3 млн 192.4 миң сом бөлүнгөн. Товар жана ар түрдүү кызматтарды колдонууга 5 млн 821.8 миң сом жана коммуналдык кызматтарга - 17.8 миң сом бөлүнгөн. 

2019 - жылдын декабрь айына салыштырмалуу чыгаша үч эсеге азайган. Буга себеп, эмгек акылардын эки эсеге азайтылганы болгон. Белгилей кетсек, майрамдарга байланыштуу мамлекеттик структуралар 18 күн иштешкен.