Быйыл тогуз айда каржы тармагынын таза кирешеси 22 млрд сомду түздү

18 ноября 2022, 15:56

Өлкөнүн каржы тармагындагы ишканалардын кирешеси быйыл январь-сентябрь айларында 61 миллиард 106,9 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди. 

Маалыматка ылайык, комбанктардын кирешеси 52 миллиард 27,7 миллион сом, кредиттик мекемелердин кирешеси 7 миллиард 321,8 миллион сом, камсыздандыруу уюмдарынын кирешеси 1 миллиард 757,5 миллион сомду түзгөн. 

Каржы тармагындагы ишканалардын чыгашалары ушул эле мезгилде 40 миллиард 7,5 миллион сомду түздү. Жалпылап айтканда, январь-сентябрь айларында финансылык уюмдардын таза кирешеси 21 миллиард 99,4 миллион сомго бааланды.