Кыргызстанда реалдуу эмгек акы үч кварталда 12,7% га өстү

2 декабря 2022, 17:15

Быйыл январь-сентябрь айларында бир кызматкердин орточо номиналдык эмгек акысы (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 25 миң 27 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Бул сан 2021-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 27,9%га өскөн.

Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген анын реалдуу өлчөмү 12,7%га өскөн. Улуттук банк тарабынан белгиленген курс боюнча долларды эсепке алганда, бул мезгилде бир кызматкердин орточо айлык акысы 312,1 долларды түздү.