Японияда зер буюмдар көргөзмөсүндө 1,8 миллион долларга бааланган алмаз уурдалды

25 октября 2019, 15:10

Япониянын Йокогама шаарында зер буюмдар көргөзмөсүндө салмагы 50 карат (1 карат — 0,2 грамм) болгон алмаз уурдалган. Бул тууралуу Kyodo маалымат агенттиги жазат.

1,8 миллион долларга бааланган алмаздын жоголгонун көргөзмөнүн катышуучусу байкаган.

«Көргөзмөгө келген катышуучу алмазды акыркы жолу, ал жоголгонго чейин бир саат мурун көргөн. Алмаздан башка зер буюмдар уурдалган эмес», - деп жазат агенттик.

Ууруларды аныктоо үчүн ал жактагы камерадагы тасманы көрүп чыгышкан. Анда көрүнгөндөй, бир учурда алмаздын жанында улгайган адам туруп калып, аны бир нече аял курчап турган.

Бирок, уурдоого алардын тиешеси бар-жок экендиги тактала элек.

Учурда полиция кызматкерлери иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.