Түштүктө үч мектептин курулуш иши аяктоодо

7 мая 2021, 12:30

Түштүк аймакта үч мектептин курулуш иши аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинин координациялык тобунун башкы инженери Токон Сатышев текшерүү учурунда билдирди.

Учурда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Маданият айылындагы мектептин курулушу 99% аяктады, Араван районундагы Кочубаева айылындагы мектептин 97% даяр. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Кызыл-Ата айылындагы окуу корпусунун даярдыгы болсо 95% түзөт.

Долбоорлорго ылайык, бул мектептерде билим алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Тактап айтканда, спорт залы, тамактануу блогу, актовый залы, ошондой эле химия, физика боюнча жабдылган класстары бар.

Белгилей кетсек, 675 окуучуга эсептелген үч мектептин болжолдуу сметасы 2.5 миллион долларды түздү.