Шайлоо күрөөсүн кайтаруу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

28 января 2021, 13:00

Шайлоо жараксыз деп табылса, президенттикке талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу ЖК сайтында маалымдалат. 

 

 

Мыйзам долбоору Улугбек Ормонов тарабынан демилгеленген. Бирок, айрым депутаттар бул демилгеге каршы. 

Мисалы, депутаттар Дастан Бекешев менен Кожобек Рыспаев шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деген талапкерлерге, шайлоо күрөөсүн кайтарып берүүнү негизсиз деп эсептешет. 

Ал эми депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоорун колдоп, шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү механизмин так жазуу керектигин белгиледи.