Чет элдиктер үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болот

22 февраля 2023, 12:13

Бүгүн парламент үчүнчү окууда Кыргызстанда жарандарды медициналык камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоорун жактырды.

Белгилей кетсек, азыр чет өлкөлүк жарандар медициналык камсыздандыруу полисин ыктыярдуу негизде алышат.

Өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин Кыргызстандын аймагында жашаган чет элдик жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин 6 айга 9 миң 52 сомго жана 12 айга 18 миң 105 сомго сатып алышы керек.

Мыйзам долбоорунун авторлору аталган долбоордун чет элдиктерди камсыздандыруудан бюджетке түшүүчү кирешенин жалпы көлөмү 140 миллион 868 миң сомду түзөрүн күтүүдө.

Кошумчалай кетсек, кыргыз жарандары үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси жылына 1504 сом турат.