ЖК кыргыз-венгрия өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды

6 июля 2021, 09:40

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети кыргыз-венгрия өнүктүрүү фондусун түзүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Уставдык капитал 16 миллион долларды түзгөн фонд инвестицияларды тартуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу аянтчасы болуп калат. Кийин капиталды 50 миллион долларга чейин көбөйтүү белгиленген,

Директорлор кеңеши беш адамдан турат: кыргыз тарап - үч өкүл, венгр тарап - эки өкүл.