ЖК жол тендерлеринде кыргыз жалдануучуларына артыкчылык берүүнү сунуштайт

20 апреля 2021, 14:10

Эл өкүлдөрү жол куруу боюнча тендер өткөрүүдө ата мекендик компанияларга артыкчылык берүүнү сунушташууда. мындай демилгени депутаттар Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин отурумунда билдиришти.

Парламентарийлер транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин өкүлдөрүнөн эмне үчүн көпчүлүк учурларда чет элдик компаниялар инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча тендерлердин жеңүүчүсү деп табылышат деп сурашты. Анын үстүнө, алардын бардыгы тең тендердик келишимдин талаптарына жооп бербейт. Алар көбүнчө долбоорду аутсорсингге беришет.

Транспорт министринин орун басары Талантбек Солтобаев инвестициялык банктардын жана эл аралык каржы институттарынын талаптарынын бири тендерге катышкан компаниялардын ачык-айкындуулугу деп түшүндүрдү.