«Ата-Бейит» комплексин президенттик администрацияга берүү сунушталды

15 февраля 2024, 13:08

Депутат Балбак Түлөбаев “Ата-Бейит” мемориалдык комплексин президенттик администрацияга өткөрүп берүү сунуштады. 

Анын айтымында, азыр комплекстин кызматкерлери айлык маянасын жогорулатып, аны тазалоого каражат бөлүнгөнү менен комплекстин абалы жакшы эмес.

“Ал жакка ар кайсы өлкөнүн президенттери барышат. Аны жакшы абалда сактоо керек. Башкарууну президентке өткөрүп берели. Президенттик админстрация ал жерде дагы ар кандай иш-чараларды өткөрөт”, - деди ал.