ЖК алтын сатуунун жагдайларын тактоо үчүн комиссия түзүшү мүмкүн

8 сентября 2022, 15:43

Алтын тууралуу маалымат боюнча («Белгисиз өлкөгө» сатылган 19 тонна) биз азыр депутаттык комиссия түзүү боюнча депутаттар менен сүйлөшүп жатабыз. Бул тууралуу "Акчабар" басылмасына Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Ал белгилегендей, келерки аптада Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровду, "Кумтөрдүн" экс-жетекчиси Теңиз Бөлтүрүктү жана башкаларды парламентке чакырып, алтындын 1 граммына чейин суракка алуу пландалып жатат.

"Бизде колунда алтын кармаган президенттин агасы менен Интернетте пайда болгон сүрөт боюнча да суроолор бар", - деди ал.

Акаев бул суроолордун баарына кыргыз элине түз эфирден жооп берилиши керектигин белгиледи.

Маалым болгондой, учурда бул боюнча комиссия түзүүгө төрт фракция макул болду.