Валентина Шевченко UFC спортчуларынын ичинен эң көп гонорар алган мушкерлердин катарына кирди

7 января 2020, 09:59

Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC спортчуларынын ичинен эң көп гонорар алган мушкерлердин катарына кирди. Бул тууралуу Harcord.com порталы жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Валентина Шевченко UFC турнириндеги 9 беттеш үчүн, (PPV) түз алып берүүсүнүн төлөмүнөн сырткары,  1 млн 139 миң доллар гонорар алган. Шевченко UFCдеги алгачкы беттешин 2015-жылы  өткөзгөн. 2018-жылдын декабрь айында чемпион курун тагынып, аны эки жолу коргой алган.