Кыргызстандын дүң резерви 182,8 млн долларга кыскарды

12 декабря 2021, 09:46

Быйылкы жылдын ноябрь айынын аягында Кыргызстандын эл аралык дүң резерви 2 миллиард 947,11 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Октябрга салыштырмалуу дүң кор 3 миллиард 149,91 миллион долларды түзсө, республиканын резервдери 182,8 миллион долларга азайган. Бирок 2020-жылдын ноябрь айына карата алар 129,9 миллион долларга көбөйгөн.

2021-жылдын сентябрь айында Кыргызстандын дүң кору тарыхый максимумуна жетип, 3 миллиард 241,14 миллион долларды түздү.