Кыргызстандын дүң запасы 223,93 млн долларга азайган

12 апреля 2021, 10:29

 

Жыл башынан бери Кыргызстандын дүң запасы 223,93 миллион долларга азайып, марттын аягында 2 миллиард 523 миллион долларды түздү. 

[жаңылык 33302]

 

Улуттук банк кошумчалагандай, ушул жылдын март айында, 2020-жылдын ушул эле айына салыштырмалуу, Кыргыз Республикасынын дүң запасы 161,24 миллион долларга көбөйгөн. Ошол эле учурда, резерв тарыхый максимумга 2020-жылдын август айында жетип үч миллиард доллардан ашкан.