Банктар аралык валюталар соодасынын көлөмү 58 млн $ түздү

3 марта 2021, 14:35

Банктар аралык валюталык сооданын 2021-жылдын февраль айындагы көлөмү 58 млн 150 миң долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. 

 

Бир ай мурункуга салыштырмалуу сооданын көлөмү 3.7 млн долларды түздү. 

Кошумчалай кетсек, акыркы ирет валюталар соодасы 26-февралда өткөрүлгөн. Бул учурда доллардын курсу 84.77 сомду түзгөн.