Электр жарыгын өчүрүүлөр болбойт — Энергетика министрлиги

1 декабря 2022, 16:29

Кышында электр жарыгы өчүрүлбөйт. Бул тууралуу депутат Алишер Козуевдин сөзүн төгүнгө чыгарып, Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы “Акчабарга” билдирди.

Бүгүн парламенттин жыйынында Алишер Козуев Энергетика министрлигине шилтеме берүү менен саат 6:00дөн 9:00гө чейин жана 18:00дөн 21:00гө чейин электр жарыгын өчүрүү пландалып жатканын билдирген. Ал Министрлер кабинетинин өкүлүнөн бул көйгөйгө көңүл бурууну өтүнгөн. 

Эске салсак, ноябрь айынын башында Токтогул ГЭСинин экинчи агрегатын ишке киргизүү учурунда өлкөдө электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.