Улуу Британия Евробиримдиктен чыкты - Brexit жараяны аяктады

4 января 2021, 16:30

2020-жылы 24-декабрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II Европа Бирлигинен чыгуу жөнүндө мыйзамга кол койду. Евробиримдиктен чыгуу боюнча Brexit деп аталган референдум 2016-жылы эле өтүп, аны британдыктар колдогондугун Би-Би-Си жазды. 

Өлкөнүн өкмөтү даярдык иштери жүргүзүлгөнүн белгиледи. Учурда Улуу Британия АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландия менен соода жүргүзүү шарттары жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат жана өлкө ичинде жүк ташуу жолдору кайрадан каралууда. 

Бийлик 50 жылдан бери биринчи жолу бизнес иш кагаздары менен бюрократияга ээ болорун, бирок жаңы салыктар жана текшерүүлөр болбой тургандыгын билдирди.

Жөнөкөй жарандарга Евробиримдиктин аймагында 90 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилет.