Венгрия Кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү

8 апреля 2021, 14:30

Венгрия кыргызстандык студенттер үчүн квотаны көбөйттү. Бул туралуу бүгүн ТИМ башчысы Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда билдирди.

 

«Венгрия кыргыз студенттер үчүн венгер ЖОЖдорунда окутуучу квотаны 75 тен 100 орунга чейин көбөйттү. Биз алдыңкы венгер жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн студенттерди жөнөтүүгө макулдаштык. Биз адискөй кадрларды даярдоо чөйрөсүндө кызматташтыкты улантабыз деп үмүттөнөбүз», - деди Казакбаев.