Венгрия кыргызстандыктарды эмдөө боюнча паспортторду тааныды

8 ноября 2021, 17:48

Венгрия Кыргызстандын жарандарын эмдөө үчүн паспортторду тааныды. Венгриялык тараптын мындай ниетин Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин чакыруусу менен Бишкекке жасаган иш сапарынын алкагында билдирди.

Венгрия Евробиримдикке мүчө мамлекеттерден биринчи болуп Кыргызстандын жарандарын эмдөө үчүн паспортторду тааныды. Эми эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга эркин кире алышат.