Венгрия кыргызстандык студенттердин билим алуу квоталарынын санын көбөйттү

17 ноября 2021, 09:15

Венгрия кыргызстандык студенттердин Венгриянын жогорку окуу жайларында билим алуусу үчүн квоталардын санын 200 орунга чейин көбөйттү. Бул тууралуу 15-ноябрда Будапештте Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун Венгриянын тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуусунда сөз болду. 

Ошондой эле Кыргызстандын ЖОЖдору менен Венгриянын мындан аркы кызматташуусу, Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Оршой Пачаи-Томашичтин Кыргызстанга сапарын уюштуруу жана эки өлкөнүн ЖОЖ ректорлорунун форумун өткөрүү маселелери талкууланды.