Жогорку сот жана ЖКга бир айда бюджеттен 170 млн сом коротулган

4 сентября 2019, 09:20

2019 – жылдын август айында Жогорку сот менен Жогорку Кеңештин айлык акы ж.б.  керектөөсүнө республикалык бюджеттен 169.6 млн. сом короткон. Анын ичинен 109.5 млн сому Жогорку сотко бөлүнгөн. Бул маалыматты КР Финансы Министрлиги билдирет. 

Чыгашалардын башкы бөлүгүн эмгек акылар түзөт. Сот кызматкерлеринин бир айлык эмгек акысынын жалпы суммасы 65.4 млн. сомду түзсө, ал эми Жогорку Кеңештики – 41.4 млн. сомго барган. Кошумча кызмат жана керектелүүчү товарларга жалпысынан 37.1.млн. сом коротулганы айтылат.