Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

8 мая 2023, 10:42

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон төлөнөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин сайтында маалымдалды.

Маалым болгондой, бир жолку материалдык жардам жеңиштин 78 жылдыгына карата, ошондой эле Ленинград блокадасына жана концлагерлердин жашы жете элек туткундарына төлөнөт.