Бишкек шаарынын ветеринардык инспекциясы ишкерлерди мыйзамсыз текшерген

27 апреля 2021, 12:10

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Бишкек шаардык инспекциясынын иш-аракетиндеги мыйзам бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Көзөмөл органы тиешелүү мамлекеттик органдын макулдугусуз ишкерлерге карата мыйзамсыз текшерүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада ишкерлерге айып пул салынган фактыны аныктады. 

"Мыйзамга ылайык, ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыйгарым укуктуу орган менен аудиттин макулдашылбагандыгы одоно мыйзам бузуу болуп саналат, ошондуктан анын жыйынтыгы жараксыз деп табылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Ветеринардык инспекциянын кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүү үчүн прокуратура органдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча каттоого алышкан. Сотко чейинки процесстер башталды.